0770 88 26 00
info@supermedia.kg
Бишкек шаары, Жибек Жолу
проспектиси 381

"Кыргыз аялым менен ажырашып жүрөгүм ооруп турат" деген түштүк кореялык жаран коомчулукка кайрылды

"Бүгүнкү мен берген маалымат жыйын көөдөнүмдүн арманын айтуу болду" деди 13-сентябрда Түштүк Кореянын жараны Ли Хи Ман маалымат жыйын өткөрүп жатып, анын журналисттерге кайрылуусуна аялынын, өлкөдөгү укук коргоо органдарынын мамилеси себеп болгон.

Анын айтымында, 16 жыл мурун Кыргыз өлкөсүнө 60 миң доллар акча менен бизнес жүргүзүү үчүн келген. Тилеги ишке ашып, өлкөдөгү эң ири компанияларды негиздеген.

"16 жыл мурун 60 миң доллар азыркы 600 миң долларга барабар болчу. Кыргыз кызга үйлөнүп, биз 2 балалуу болдук. Эки баламдын апасына ишенбей кимге ишенем? Башка жумушка киргениме байланыштуу бизнести аялым жүргүзсүн, мен ага жардамдашып турам дегем. Бирок ал бардык документтерди жасалма даярдап, мүлктөрдөн тартып бизнеске чейин өзүнө өткөрүп алды.

Мындан тышкары, көзүмө чөп салып, мага айтпай туруп ажырашып кетти", - деген Ли Хи Ман 8 ай мурун укук коргоо органдарына кайрылган.

"Бирок мени эч ким суракка чакырган жок. Арызым каралбай жатат. УКМКга арыз жазсам, акча сурашты, акчам жок десем, котормочум 100 доллар берген. Кыргыз өлкөсүндө мыйзам иштебейт экен, адамдардын укугу корголбогонуна көзүм жетти. Чыгып баратканымда аялың менен элдеш деп айтышты", - деди ал.

Ошондой эле аялынын мамилесинен улам психологиялык травма алганын, жан дүйнөсү ооруп жатканын кошумчалап, балдары үчүн бардык компромисске даяр экенин белгиледи.

"Бирок ал мени менен сүйлөшпөйт. Балдарым менен сүйлөшүп турам. Балдарымды караганга деле убактысы жок окшойт, чалсам пицца жеп жатабыз, буюртма менен тамак алып жеп жатабыз дейт. Биз чогуу жашаганда үйдөн ысык тамак ичишчү. Балдарымды, жашоомду ойлоп ичим ачышат. Өзүм түптөгөн компанияларга өзүм кире албай калдым. Эч бир ишканамдан мага акча бөлүнбөйт, батирде жашайм", - деген Ли Хи Ман анын арызы укук коргоо органдары тарабынан тыкыр изилденишин каалай турганын айтат.

ГЛАВНАЯ
Прайс
Новости
Анонс
Видео