0770 88 26 00
info@supermedia.kg
Бишкек шаары, Жибек Жолу
проспектиси 381

"Бул бизнесте бир күн да иштеген эмес". "Кыргыз аялым бизнесимди тартып алды" деген түштүк кореялык ишкерге ажырашкан жубайынын жообу

Бүгүн, 13-сентябрда Түштүк Кореянын Ли Хи Ман аттуу жараны маалымат жыйын өткөрүп Кыргыз өлкөсүндөгү укук коргоо органдарына жана кыргыз аялынын мамилесине нааразы экенин айткан. Ал аялын мүлктөрүмдөн тартып, бизнестериме чейин жасалма документтер менен өзүнө өткөрүп алды деп айыптаган. Ошондой эле ал: "Аялым мага айтпай ажырашыптыр" деген.

Бул боюнча SUPER.KG порталы жогоруда аты аталган түштүк кореялык ишкердин ажырашкан жубайына байланышып, жообун укту.

"Мен маалымат жыйынды көрдүм. Бул кадимки эле үй-бүлөлүк чыр. Анын коомчулукка чыгып алып маалымат жыйын бергени балдардын атасы катары туура эмес болуп калды. Үй-бүлөдө бир нече жолу зордук-зомбулук, сабоо болуп турган. Бул боюнча мен анын үстүнөн арыз жазгам. Укук коргоо, сот органдары аны жазалашы мүмкүн экенин түшүнүп жатат, ошол себептен ушундай кадамга барууда", - деди ал.

Редакциянын сизди бизнесимди тартып алды деп айыптады деген суроосуна: "Кантип ошондой болсун, кантип? Эгер ал киши өзү бул бизнес менен бир күн алектенбесе. Ал бул бизнесте бир күн да иштеген эмес. Анын бардык айыптоолору жөн эле куру сөздөр", - деген ишкер аял бул тууралуу маалыматтардын баарын өзүнүн жактоочулары толук бере алышарын белгиледи.

Ошондой эле балдарым ыңгайсыз абалда калбасын деген жүйө менен үй-бүлөлүк чырды коомчулукка чыгарып, абалды билип-билбеген адамдардын талкуусуна салгысы келбей турганын айтты.

"Эгер үй-бүлөлүк абалды элге жарыяласак бул балдарды капа кылышы мүмкүн" деди ал.
https://www.super.kg/kabar/news/281725/

ГЛАВНАЯ
Прайс
Новости
Анонс
Видео