0770 88 26 00
info@supermedia.kg
Бишкек шаары, Жибек Жолу
проспектиси 381

"Мен өлтүргөн эмесмин". Адамды өлтүрүп, өрттөп салды делген аял акталды

Мындан бир нече күн мурда "2016-жылы уулумду өлтүрүп, өрттөп салган шектүүлөргө сот адилетсиз чечим чыгарды" деген Токмок шаарынын тургуну Гүлмира Жаркынбаева жана анын жакындары акыйкаттык издеп, коомчулукка кайрылганSUPER.KG бул окуя боюнча экинчи тараптын да оюн укту.

Бурулсун Чылпакбаеванын айтымында, иниси Тургунбек Бекиш уулу экөөнүн бул кылмышка тиешеси жок. Алар тергөөчүлөрдүн катачылыгынан улам 3 жарым жыл абакта отурушкан. Ал азыркы учурда жабырлануучу тараптын өкүлдөрү өлтүрүп кетебиз деп жатышат дейт.

"Маркум Жакшылык Дүйшөналиев менен 2013-жылы таанышып калгам. Үйдү оңдоп-түзөө үчүн жумушчу керек болгондуктан, ошол убакта эки бала менен келген экен, ошондо таанышканбыз. Иним экөөбүздүн тең бул кылмышка тиешебиз да, катыштыгыбыз да жок. Биз сот адилеттүү чечим чыгарат деп эле ушул күндү күттүк. Анткени бизди камап коюп эле бизге далил издей башташты. Тергөөчүлөрдүн катачылыгынан биз ушунча жыл камакта отурдук. Ак ийилет бирок сынбайт деп акталып чыктык. Баары жасалма экенин эксперттер көрдү", - деди Чылпакбаева.

Экинчи тараптын жактоочусу Лилия Жолдошбек кызы сот адилеттүү чечим чыгарды, жабырлануучу тарап Чылпакбаевага жана анын инисине жалаң эле божомолдордун негизинде айып коюп келген деди.

"Бул иш боюнча мен жактоочу катары 2016-жылдын август айынан баштап катыша баштадым. Ал убакта менин жактоомдогу Бурулсун Чылпакбаева менен Тургунбек Бекиш уулу бир айдан бери СИЗОдо айыптоосу угулуп, иш ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына жаңыдан кетиптир. 3 жыл 3 айдан бери бул ишти алып барып келе жатам. Негизинен менин жактоомдогу кишилердин күнөөлөрү жалаң эле божомолдордун негизинде эле айтылып келе жатат. Сот адилеттүү чечим чыгарды. Биз адилеттүүлүк үчүн күрөштүк", - деди жактоочу.
http://www.super.kg/kabar/news/284841/


http://www.super.kg/kabar/news/284841/

ГЛАВНАЯ
Прайс
Новости
Анонс
Видео