0770 88 26 00
info@supermedia.kg
Бишкек шаары, Жибек Жолу
проспектиси 381

"АНЭС строй" турак жай кооперативинин жетекчиси Гүлнара Усенбаева: "Курулушту бүтүрүшүбүз үчүн тоскоолдук кылып, бут тосуп жатышат"

Кечээ, 11-декабрь күнү "Супер-Медиа" маалымат борборунда маалымат жыйын болуп, анда "АНЭС строй" турак жай кооперативинин кардарлары батирлерге акча төлөп коюп, 3 жылдан бери алданып үйүнө кире албай жүргөнүн айтышкан. Бүгүн "АНЭС строй" турак жай кооперативинин жетекчиси Гүлнара Усенбаева маалымат жыйын берип, курулушту бүтүрүүгө бут тосуулар болуп жатканын айтууда.

"Кечээ маалымат жыйын берген Сезим Молдалиева жер ээси "Атлант холдинг" компаниясынын жетекчисинин сөзүнө кирип туура эмес иштерди кылып жатышат. Молдалиева менен кошумча келишим тузүп, ал мартка чейин күтөм деген, ага чейин батиринин акчасын төлөп берип жатабыз. Болбой эле арызданып жатат.

Бизде жер ээси "Атлант холдинг" компаниясы менен түшүнбөстүктөр болду. Ал жерди өткөрүп бергендин ордуна акча бересиңер деп бизди 3 жылдан бери кыйнап келет. Биз өкмөткө, президентке чейин ишибизди карап бергиле деп кайрылдык. Бирок жооп болгон жок. "Атланд холдинг" компаниясы 10 жыл мурун курулуш кылабыз деп элден чогулткан акчага биздин турак жайды сатып алгысы келип жатат. Буга анча-мынча орган кызматкерлери да аралашып жатат окшойт. Алардын ачык эле көрүнүп жаткан катачылыктары документтер менен укук коргоо органдарына кайрылсак, ишибиз каралбай жатат.

Биз Казакстандан инвестор тапканбыз, алар курулушту аягына чыгарып бергенге макул болушкан. Буга чейин пайщиктердин төлөгөн акчаларын курулушка жумшаганбыз. Ошентсе да колдон келишинче толук төлөп койгон пайщиктердин акчаларын аздан берип да жатабыз. Калган толук бере электерин төлөө убактысын созуп, шарт түзүп берип келебиз. Буюрса, 2020-жылдын декабрь айында бүтүрүп ишке беребиз, - дейт Гүлнара айым.

Андан соң компаниянын юристи Мелис Абельденовго сөз берилди. Ал "2014-жылы үй куруу боюнча келишим түзүлгөн. Жерди "Атлант холдинг" компаниясы берип, "АНЭС строй" курулуш баштаган. 2015-жылы райондук соттун чечими менен "Атлант холдинг" банкрот деп жарыяланып, атайын администратор иштеп келген. Ал ишти улантуунун ордуна келишимди жокко чыгарып, бул иш Жогорку Сотко чейин барган. Ал жактан биринчи инстанцияга кайтарылып, кайра каралууда", - дейт.

Ошондой эле жыйынга "Атлант холдинг" компаниясынан жабыр тарткандар да катышып, өздөрү кабылган окуяларды айтышты.

 
Автор: Гүлжамал Абылкасымова



https://www.super.kg/kabar/news/289811/

 

ГЛАВНАЯ
Прайс
Новости
Анонс
Видео