0770 88 26 00
info@supermedia.kg
Бишкек шаары, Жибек Жолу
проспектиси 381

"Ортомчуларга алдандык" дешет Түштүк Кореяда иштеп келген мигранттар

Бүгүн, 21-январда "Супер-Медиа" маалымат борборунда Кореяда иштеп келген кыргыз мигранттары Азамат ОрозматовЖанболот Ибраев жана Ишенбек Назаров аттуу жарандар алданып калганын айтып, маалымат жыйын беришти.

Азамат Орозматов 2 миң 600 доллар акчасын ала албай 2 жылдан бери убара экенин билдирди. Айтымында, ал Түштүк Кореядан акчаны 2017-жылы "Кыргызстан" деген кеңсени иштеткен, жеке ишкер Венера Мамбетова деген айымга жөнөткөн. Аталган акчаны Орозматовдун үй-бүлөсү Венера Мамбетовадан алмак.

Анткени алар түз акча жөнөтүү кызматынын пайызы жогору болгондуктан, ортомчу катары Мамбетовага акчасын берип келген.

"Буга чейин эжеге эки-үч жолу акча салып, аны үй-бүлөм алган. Биз алдангандар, көрсө ага ишенип алыптырбыз. Ал негизи башында ишенимге кирүү үчүн ушул ыкманы колдонот экен. Бизге ал укмуш мекенчил көрүнгөндүктөн, ал айымга ишенип алганбыз. Алар Түштүк Кореяда жүргөн Кыргыз жарандарына өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жарнамалап, акча жөнөтүү кызматтарын сунуштап келген. Акча бербей жатканынын себебин сурасак, "менин башыма оор күн түшүп калды, текшерип келишип, акчамды алып койду" деп шылтоо айтып жатат. Мен акча которуудагы кызматтын пайызынын төмөндүгүнө кызыкканмын, анын үстүнө ал ар кандай иш-чараларды уюштуруп, ишенимге дагы кирген болчу.

Биз мисалы,2 миң долларды өзүбүз банк аркылуу которсок кызмат үчүн 100 доллар төлөйбүз. Ал эми ортомчуга салсак 30 гана доллар төлөмөкпүз, 2 миң доллар үчүн. Ошол себептен биз пайыздын төмөндүгүнө кызыкканбыз. Азыр андан кантип акчабызды өндүрүүнүн айласын таппай, убарабыз. Ал акчасы болсо деле бизге бербей жатат, чет мамлекеттерге чыгып эс алганын көрүп жатабыз. Бирок биздин акчабызга келгенде ар кандай шылтоолорду айтууда", - деди Орозматов.

SUPER.KG порталы бул боюнча экинчи тараптын да билдирүүсүн жарыялайт.
https://www.super.kg/kabar/news/292923/

ГЛАВНАЯ
Прайс
Новости
Анонс
Видео