0770 88 26 00
info@supermedia.kg
Бишкек шаары, Жибек Жолу
проспектиси 381

"Түштүк Кореяда бизди алдап кетти" деген жарандарга экинчи тарап жооп кайтарды. Айтымында, ага коюлган айыптар негизсиз

Бүгүн, 21-январда Түштүк Кореяда иштеп келген эмгек мигранттары алданып калгандарын айтышып, "Супер-Медиа" маалымат борборунда маалымат жыйын беришкен. Бул окуяга тиешеси бар, алданып калган мигрант жарандар шилтеме берген Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасынын активисти Венера Мамбетова ага карата айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп кайтарды. Айтымында, ага айтылып жаткан доо-арыздар негизсиз жана ал караланып жатат.

"Кыргыз өлкөсүнө жакшы жаңылык менен келсем болмок, бирок андай болбоду. Ошондуктан эртеңки күнүбүз кандай боло турганын чынында билбейт экенбиз. Мен Корея өлкөсүнүн жарандыгын алганыма 15 жыл болду. Ал жакта жашап, иштегендиктен, кыргыз мекендештериме жардам берип, кол сунуп келе жатканмын. Анткени мен Корея өлкөсүндөгү Кыргыз диаспорасынын активисти болгондуктан, алар мага кайрылып турушчу.

2015-жылдан баштап эле Кыргыз мигранттары менен иштеп келе жаткам. Бул жакка келгенимдин себеби жөндөн жөн эле айыптоого кабылдым. Мындан улам мен дагы өз жообумду айтууга милдеттүүмүн. Башында логистик катары иштеп, мигранттардын товарларын мекенибизге салып турчубуз. Кыргыз өлкөсүнөн барган жарандардын көпчүлүгү легалдуу эмес жолдордон улам ал жакта калып кетип, жүрө беришет. Мындан улам аларга банктан эсеп берилбей келген, бирок азыр берилип жатат. Бул максатта мен аларга жардам берип келгенмин", - деди Мамбетова.

Ал эми мигранттардын акчасы тууралуу ал төмөнкүлөргө токтолду.

"Негизи башынан эле мекендештериме жардам берүүнү максат кылып иштеп баштаганмын. Кеңсебизге мындан үч жыл мурун текшерүү келип калды. Алар 2 күн текшерип, түшкөн каражат тууралуу өкмөткө отчёт бербегенимден улам баарын алып, чыгарып кетишти. Чынында мен легалдуу эмес жарандардын айынан аларга отчёт бербей келгенмин. Акырында алар талап кылган айып пулдарды, салыктарды мыйзамдуу түрдө төлөдүм, албетте, ал чоң суммадагы акча болчу. Текшерүү учурунда биздин эсепти, маалыматтарды, компьютерлерди алып кетишкен. Азыр "алдандым" деген балдарга менин дагы жүрөгүм ооруйт", - деди ал окуя тууралуу.

Мындан сырткары, Мамбетова массалык маалымат каражаттары аркылуу өзү жөнүндө, анын атын атап, сүрөттөрүн коюп "жалганчы" деп айыпташканын туура эмес деп эсептейт. Айтымында, ага экинчи тараптын пикири катары эч ким чалып, байланышкан эмес.

"Мени бир гезит абдан жамандап, "алдамчы" деп чыгарыптыр. Бул туура эмес кадам. Анткени ал жерде мени абдан каралоо болгон. Алар менин абийириме шек келтиришти, бул журналисттик этикага жатпайт. Мен аларды сотко берем. Анткени алар мага жеке чалып, пикиримди угушкан эмес", - деди Мамбетова.

 

ГЛАВНАЯ
Прайс
Новости
Анонс
Видео